• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Соцфонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси пара берип жатканда кармалды

12 Үчтүн айы 2021 14:48 Бишкек Govori.TV

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси 70 миң сом пара берип жатканда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ал мекеменин эмгек сапарларына сарпталышы керек болгон бюджеттик каражатты ээлеп алган. Бул кылмышты жашырыш үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүнө 70 миң сом пара сунуш кылган.

Ал 11-январда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Социалдык фонддун республикалык башкармалыгынан бул окуя боюнча азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Количество просмотров: 117