• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: «Спекулянт» боюнча сотко чейинки териштирүүдө салыкчы кармалды

25 Үчтүн айы 2021 17:44 Бишкек Govori.TV

УКМК жана Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан Бишкек шаарынын, «С» жана «Н» коммерциялык компанияларынын жетекчилери жана кызматкерлери айрым мамлекеттик органдардын, укук коргоо жана фискалдык органдар кызмат адамдары менен биргеликте алдын-ала сүйлөшүү жолу менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө байланыштуу туруктуу коррупциялык байланыш уюштургандыгы жана тамак аш продукцияларынын даярдоонун датасын жана жарактуулук мөөнөтүнүн жасалмалоо жолу менен соода тармактар аркылуу калкка жайылтыуу фактысы боюнча боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында КРнын ЖКнин 319-бер. 1-б. (Коррупция) каралган кылмышка катыштыгы бар катары «С» жана «Н» ЖЧКнун эки кызматкерине шектүү кабарлама берилип сот органдары тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тууралу чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, аталган коммерциялык компаниялардын “Щ.В.А.” жана “Я.Ш.К.” эки жетекчилерине КРнын ЖКнин 319-бер. 1-б. (Коррупция) каралган кылмыш ишин уюштуруу боюнча билдирүү (сырттан) берилген, жана сот тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу чечими чыгарылган, көрсөтүлгөн адамдарга карат издөө жарыяланган.

2021-жылдын 22-январында аталаган коомдун кызматкерлери жана жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүү менен аларды калкалоо жүргүзгондүгү боюнча КРнын ЖКнин 319-бер. 1-б. (коррупция) боюнча Свердлов райондук салык кызматынын инспектору (М. Р. К.) кармалган.

Аталган кылмыш иши боюнча бир нече экспертизалар жана салыктык текшерүүлөр дайындалган, алардын жыйынтыгы менен «С» жана «Н» коммерциялык компанияларынын жетекчилери, кызматкерлери жана башка адамдар тарабынан олуттуу өлчөмдөгү келтирилген зыяндын суммасы такталууда.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши аталган ишке тиешеси бар башка мамлекеттик, укук коргоо жана фискалдык органдарынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 159