• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК “SUPER.KG” порталынын журналистин коркутканбы?

28 Бугу 2018 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV

“SUPER.KG” маалымат порталы бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловго кайрылуу жасады. Бул кайрылуунун мазмунуна таянсак, бүгүн таң эрте порталдын кайсы бир журналистине өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган бейтааныш адам чалып, журналисти аталган органга келип кетүүгө чакырган. Муну порталдын жетекчилиги редакцияга карата кысым көрсөтүү катары кабыл алууда.  Төмөндө аталган кайрылууну толук вариантын жарыя кылабыз:

“Урматтуу, Идрис Анарбекович!

Бүгүн, 28-май күнү эртең менен SUPER.KG маалымат порталынын журналистине белгисиз телефон номери аркылуу жеке номерине телефон чалуу болду. Чалган адам өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, андан ары ал журналистти УКМКга келип кетүүсү керектигин билдирген. Ошол эле учурда телефон чалган адамдын чын эле УКМКнын кызматкери экендиги анык эместигин билдиребиз.

 

SUPER.KG маалымат порталы бул аракетке карата Сиздин чара көрүүңүздү суранат. Себеби бул аракетти SUPER.KG маалымат порталы сөз эркиндигине карата шек келтирүү, редакцияга карата кысым көрсөтүү жана коркутуу деп баалайт.

 

Өз учурунда SUPER.KG маалымат порталы УКМКга порталга жарыяланган тийиштүү кабар боюнча ким чалганын жана ал бейтааныш телефон номер тууралуу маалыматты өткөрүп бере алат»

Эске сала кетсек, аталган портал Кыргызстандагы күн сайын 100 миңден ашуун окурман көз жүгүрткөн окумдуу маалымат булактарынын бири болуп саналат.

 

Количество просмотров: 9