Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге белгисиз адамдар билдирүү жазылган папканы жөнөтүшкөн. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзү өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
«Бүгүн эртең менен жумушка келсем, мага ушул пакет келиптир. Жалгыз флешка бар, башка эч нерсе жок болчу. Мен бул флешканы силерге берем. Мен муну президентке гана көрсөттүм», — деди Камчыбек Ташиев журналисттерге.
Ал катта ага жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар болгонун кошумчалады.
«Эртең мага же үй-бүлөмө бир нерсе болуп кетсе коомчулук билиши үчүн, бул алдын ала эскертүү болгон. Мен буга чейин коопсуздук кызматым аркылуу иликтөө жүргүзгөм. Президент бизге иликтөө жүргүзүүнү айтты. Катта мен шарттарды аткарышым керек, ошондо алар менин үй-бүлөмдү жок кылышпайт деп жазылган. Бул жерде түздөн-түз коркутуулар бар, бирок бул атайын кызматтын иши экени анык. Катта ал атайын кызматтан экени, ага олигархтар менен кылмышкерлер көп акча төлөгөндүгү айтылат», — деди Ташиев.
Мындан тышкары, буга чейин ал президентке да кол салуулар даярдалганын аны кызматкерлер убагында токтотконун кошумчалады. Ташиевдин айтымында, анын өзүнө да 5-6 жолу кол салуу аракети болгон.