Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп Мирлан Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.