• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Таласта театрга алынган музыкалык аппаратуралардын баасы атайын кымбаттатылган

17 Жалган куран 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына музыкалык аппаратураларды сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар кымбат баада алынганы аныкталды.

«Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына жеке компаниялардан 25 миллион сомго музыкалык аппаратураларды сатып алган. Алар драма театрдын, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен кабыл алынган. Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда сатылып алынган музыкалык аппаратуралардын баасы 10 миллион сомдон ашык акчага кымбаттатылганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери улантып жатат.

Количество просмотров: 73