Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар КР жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.
«Чет өлкөдө резонанстуу терактты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган, 1988-жылы туулган “А.А.” жана 1990-жылы туулган “А.М.” аттуу КР жарандары Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат.