• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Тилек Матраимовду Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди

9 Тогуздун айы 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Расулов аттуу жарандар 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 218