• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК Ысык-Ата курортундагы мейманкананы мамлекетке кайтарды

29 Жетинин айы 202420:34 Бишкек Govori.TV

УКМК адаттагыдай эле мыйзамсыз объектилерди мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзүп келе жатат.

Бүгүн «Ысык-Ата» курортундагы мейманкана комплекси мамлекетке өткөнү белгилүү болду.

Мейманкананын жалпы аянты 21 287 чарчы метр, наркы 214 млн сом.

Атайын кызмат өкүлдөрү мейманкана жайгашкан 0, 10 га жер 2006-жылы жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктелгенин билдиришти.

Айрым маалыматтарга караганда, аталган обьекттин ээси Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимов экени айтылууда.

Количество просмотров: 154