• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

УКМК: Ысык-Көлдө “Хизбут-тахрир” экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгү аныкталды

26 Аяк оона 201810:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Ысык-Көлдө “Хизбут-тахрир” экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгү аныкталып, мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитеттен билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын аймактык башчылары жашаган жерлерди издөө максатында 30 жаштагы эки жарандын үйү текшерилген.
Анда тыюу салынган адабий материалдар табылып, экспертизага жиберилди. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүндөгү кылмыш белгилери боюнча иш козголду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, «Хизб ут-Тахрир» диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат.
Количество просмотров: 134