• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Өз жанына эки жолу кол салган киши каза тапты

15 Чын куран 2018 2:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.01. 2018. Govori.TV

Ошто баңги тобун уюштурууга шектелип кармалган жаран өз жанын кыюуга аракет кылып, акыры ооруканада каза болду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта «Шектүүнү кармоо учурунда өз жанын кыюуга аракет кылганда УКМК кызматкерлери байкап токтотуп калышып медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 14-апрель күнү  А.С. кайрадан өз өмүрүнө кол салган. Тез жардам чакырылып, канааттандыраарлык абалда Ош облустук ооруканасына жактырылган. Кийинчерээк кан басымы кескин түшүп кетип, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бирок дарыгерлер сактап кала алышкан эмес»,- деп жазылат.

Белгилей кетсек  13-апрелде  УКМКнын Ош облусундагы кызматкерлери 1971-жылы туулган А.С аттуу кыргызстандык жаранды кылмыштуу баңги тобун уюштурган деген шек менен колго түшүргөн. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кыргызстан аркылуу КМШ өлкөлөрүнө күчтүү баңгизаттарды ташуу боюнча туруктуу канал түзгөн.

Учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Прокуратура окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Количество просмотров: 15