• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

УКМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары издөөдө жүргөн жаранды кармады

15 Чын куран 202416:29 Бишкек Govori.TV

УКМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жаранын кармады.

Аталган чет өлкөлүк жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 146