• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: «Жалал-Абад» санаторийин басып алуу аракети болгон

22 Бештин айы 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

18-19-декабрда «Жалал-Абад» санаторийин басып алуу аракети болгон. Учурда аталган шаардын ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кесиптер бирлиги федерациясынын «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчиси Күчүков жана ал «Жалал-Абад» санаторийине директорлукка мыйзамсыз дайындаган Айтиев бир нече кишилер менен келип, административдик имаратка кирип, директордун кабинетин ээлеп алууга аракет кылышкан», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Санаторий жетекчисинин милдетин аткаруучу Сатыгулов башка жетекчи дайындалган буйрук менен таанышкандан соң, ал документ жараксыз экендигин айткан. «Жалал-Абаддын» жетекчиси Абышкаевдин ооруп жаткандыгы боюнча документ бардыгын, мындай учурда анын кызматтан алынышы мыйзамсыз болуп каларын билдирген.

«Белгилей кетчү учур, административдик имараттын ичиндегилер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин басып алуу иштерине тиешеси бар экендигин айтып кыйкырышкан», — деп билдиришти УКМКдан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 208-беренесинин («Имаратты өз алдынча басып же ээлеп алуу») негизинде катталган.

Учурда бул боюнча Жалал-Абад шаардык ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки иштер жүрүп жатат.

Ал эми Күчүков менен Айтиев Жалал-Абад шаардык ИИБине тергөө иш-чараларынын негизинде жеткирилген.
УКМКдан Ташиевдин аталган ишке тиешеси жоктугун, анын «аталган иш боюнча тапшырмаларды бербегендигин жана мындан ары да бербей тургандыгын» билдиришти.

Ташиевдин атын жамынып мыйзамсыз иш алып баргандарга карата катуу чаралар колдонуларын жана ал мыйзам чегинде кылмыш ишинин козголушуна чейин бара тургандыгын кошумчалашты.

Количество просмотров: 54