• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин бири добуш сатып алууга аракет кылган

9 Чын куран 202116:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин биринин добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-мартында УКМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын биринин агитаторлору тарабынан шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын тургундары М.З.А., И.М.Т. жана К.Г.К. аркылуу тамак-аш азыктарын таркатуу жолу менен шайлоочуларга пара берүүнү уюштурууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.С.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар тастыкталган.

2021-жылдын 26-мартында аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 8-апрелинде КР УКМК өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында партияга расмий түрдө эскертүү берүү чечилип, Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 142