• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК жасалма газдалган суусундуктарды чыгарган жашыруун цехти аныктады

8 Баш оона 202512:47 Бишкек Govori.TV

КР УКМК жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча өткөрүлгөн иш- чаралардын жүрүшүндө, Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүршүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Азырку учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 206