• Ишенби 6 Жалган куран 2021

УКМК «Женгого» таандык делген мүлктөрдү жарыялады (сүрөт, видео)

17 февраля 2021 в 11:31 Бишкек Govori.TV

«Женго» каймана аттуу кримавторитет Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган УКМКнын иш-чараларынын алкагында «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет К.Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 унаасы жана кыймылсыз мүлктөрү (15 турак жай жана 35 жер тилкеси) аныкталды.

Ошондой эле К.Досонов айрым курулуш компанияларын каржылагандыгы белгилүү болду.

Тергөө иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 337