• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду

16 Чын куран 2024 10:25 Бишкек Govori.TV

Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

«Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана Р.М. кармалып, алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан ыкчам-ергөө иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 57