• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалды

9 Бирдин айы 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Жогорку соттун Сот департаментинде 2 миллион 385 миң сомдук жемкорлук аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 9-февралда кабарлагандай, 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан.

УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи жана «Адилет сот» мекемесинин долбоор жетектөөчүсү кармалганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Количество просмотров: 70