• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

УКМК: Зилалиевдин кезектеги кайрылуусу кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети

2 Чын куран 201914:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасап, «эгер мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты», — деген. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жооп берип, билдирүү таратты. Анда Зилалиевдин билдирүүсү четке кагылган.

«Учурда Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бирок Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Зилалиев буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Ошол себептен УКМК анын кезектеги билдирүүсүн сот жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө буруу аракети катары баалайт»,- деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, УКМК 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылы 11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 14