Бишкек. 27.04.2018. Govori.TV
Президенттин буйругуна ылайык, УКМКнын төрага орун басары Рустам Мамасадыков кызматынан бошотулду. Анын ордуна, Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп келген Асылбек Кожобеков шайланды.
Кызматка келген орун баасардын өмүр баяны төмөндөгүдөй:
Асылбек Кожобеков 1971-жылы 27-июнда Карабалта шаарында туулган. 1992-жылы Луганскдагы авиаокуу жайды аяктап,1992-94-жылдары Казакстандын Жогорку улуттук коопсуздук Комитетинде курстук окуудан өткөн. 2002-жылы Кыргыз-Орус Славян университетитин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1993–2005 — жылдары улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;
2005–2007 — Кыргыз-Орус Славян Университетинин Стратегиялык байкоо жана анализдөө институтунда эксперт-аналитик;
2007–2010 — Улуттук коопсуздук органдарында кызматкер;
2010–2013 — Мамлекеттик бажы кызматында төраганын орун басары;
2014 –2017 — УКМКда кызматкер.
2017-жылдан бери Өкмөт башчы, Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси.