• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМКда жыгылып калды деген Рысалиев комментарий берди

16 Бугу 2019 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, ЖКнын жалпы жыйынында депутат З. Рысалиев өзү туурасында социалдык түйүндөрдө жарыяланып жаткан акыркы маалыматты четке кагып,ЖМКлардын кызматкерлерине кайрылды:

“Мен суракка катышкан жокмун. Жүрөгү кармап жыгылып калчудай жөнөкөй адам эмесмин. Элге туура маалымат берсеңиздер. Кааласаңар отуруп-туруп көнүгүү жасап тастыктайын”,-деди З. Рысалиев.

Эске салсак, кримтөбөл атыккан А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча жаза аткаруу кызматынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган.

Маалыматка ылайык, К.Качкыналиев суракка алынып, ЖАМКнын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев менен беттештирилип, сурак учурунда К. Качкыналиев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иштери Рысалиевдин көрсөтмөсү менен ишке ашканын айтып берип жатканда Рысалиев өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калып, тергөө убактылуу токтотулду деген маалымат тараган.


Количество просмотров: 10