• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

УКМКга нааразы активисттер жыйын өткөрөт

22 Чын куран 20199:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн 22-апрелде Бишкекте “Мамлекеттик сатып алуулар. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук” деп аталган жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчиси кармалганына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин иш аракеттери талкууланат. Айрым жарандык активисттердин айтымында, Мамкаттоодогу тендер боюнча акыркы окуялар өлкөнүн санариптештирүү аракетине терс таасирин тийгизет.

Жыйынга жарандык активисттер, коомдук ишмерлер, IT адисттер чакырылган.

Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган.

УКМК аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышканы аныкталганын маалымдаган.


Количество просмотров: 14