• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМКнын абагында жаткан Мадумаров кайрылуу жолдоду

3 Жетинин айы 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан ЖК депутаты Адахан Мадумаров кайрылуу жазады. Анын кайрылуусун тарапташтары соцтармакка жарыялоодо.

Мадумаров өз кайрылуусунда 1938-жылы болгон репрессия боюнча пикирин жазган.

Белгилей кетсек, депутат 2-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган болчу.

Адахан Мамдумаровдун кайрылуусун толук төмөндөн окуй аласыз:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мындан туура 85 жыл башта шумдуктуудай окуя болгон. Ал окуя кыргыз элинин, мамлекеттин там-туң басып келаткан бутун, көккө сунган колун кыркып, алыска караган көзүн оюп, алдыга койгон үмүтүн талкалаган.
Бүтүндөй бир улуттун ой жүгүртүү, пикир калчоо, дүйнө таануу кабылетин жанчып, унчукпас, жер карама, жетелеме, ээрчиме элге айланткан. Элим, жерим деген эр азаматтарды бир күндө соттоп, бир күндө атып, жер алдына жашырылган. 138 адам, 138 үй бүлө, 138 ата-эне, 138 сүйгөн жар, жүздөгөн балдар… Кеп азыркы Ата бейитте жаткан аталар жөнүндө. Эмне үчүн атылды, эмне күнөө жасашты? Ким атты, ким буйрук берди? Ким күнөөлөрүн далилдеди? 85 жыл өттү, дале жооп жок.

Ошол жерде жаткан Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Мурат Салихов жана башкалар эмне күнөөлөрү үчүн атылды? Өз пикирлерин айтып, өз элибизден кадрлар, инженер, дарыгер, агроном, мугалимдер чыксын дээшкени үчүнбү? Өзүбүзчө түндүк көтөрүп, туу желбиреткен Эл бололу дешкен үчүнбү? Өзгөлөрдөн кем болбой, алар менен тең бололу дешкени үчүнбү? Бул асыл ойлордун эмнеси күнөө, эмнеси чыккынчылык, кайжери элге душмандык? Бул суроолорго да жооп жок. 1938-жылы 3-ноябрда күнөөлөрү жарыяланды, 4-ноябрда соттору болду, ошол күнү атылып кетишти. Алардын туугандары эле эмес, бүтүндөй эл эч түшүнүгү жок кала беришти. Тирүүбү, жокпу, түрмөдөбү, кайда отурушат, качан келишет, эч ким эч кимге эч нерсе айтпайт. Кандай оор тагдыр.

1916-жылы да кыйындар кырылып, жок болгон. Жыйырма жылдан кийин да кыйындардын тагдыры ушундай болду. Андан бери да ушул эле көрүнүштөр. Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Анарбек Бакаев…

1938-жылы атылгандардын баары 19 жылдан кийин эч кандай күнөөлөрү жок экен деп акталышты. Бирок, өмүрлөрү кайтарылган жок да. Алардын туугандары, балдары «эл душманынын» тууганы, балдары, аялы деген укмуш ачуу, жан дүйнөңдү сыздаткан уулуу сөздөрдү угуп келишти. Алардан ким кечирим сурады?

Бүгүн да элим аман, жерим бүтүн деген эр азаматтар «эл душманы», «чыккынчы», «эл бузар», деген ушунчалык тааныш аттарга ээ болуп отурушат. Бүгүн да өз оюңду айтуу, өлкөнүн келечеги жөнүндө пикир билдирүү, жөн эле адам катары сүйлөп койсоң сен «эл душманы», же «чыккынчысың». Натыйжада кайран кыргыз ой жүгүртүүгө, келечекти көрө билген, бир аз эрктүү жигит кыздарыңдан кол жууп, дагы канчалаган жылдар жалдырама, пикирсиз, эрксиз, жетелеме эл бойдон калаар бекенбиз.

85 жыл өттү, а биз дале ошол, ошол…

Количество просмотров: 2540