• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМКнын өкүлү: Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн

2 Кулжа 2020 18:12 Бишкек Govori.TV


Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Саймаити тарабынан «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар акча берилгенин УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин депутат Өмүрбек Бакировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган.

«Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсү боюнча, Саймаити башкалардан карызын өндүрүү үчүн «Азаттыктын» журналисттерине кайрылган. Журналисттердин ортосунда акча алуу болгон. «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар акча берилген», — деп билдирди ал.

Депутат күбөлөрдүн видеосун бир сааттын ичинде алып келүүнү сунуштады. Жыйынтыгында УКМКнын өкүлдөрү күбөлөрдүн видеосун саат 18:10до алып келмей болушту.

Эске салсак, Саймаити 2020-жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланган. Кыргызстанда Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон. Парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 116