• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Кармалгандар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

29 Бештин айы 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңешинин жыйынында КРнын Конституциясынын, конституциялык мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Аталган сунушту “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы демилгелеген. Комиссиянын курамына Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Чыңгыз Ажибаев (“Элдик”), Айбек Осмонов (“Мекенчил”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Шайлообек Атазов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним”), Чыңгыз Айдарбеков (“Альянс”) кирди.

Кемпир-Абад маселеси боюнча 20дан ашуун адам октябрдын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алардын 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышкан.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 737