• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

УКМКнын мурдагы кызматкери «Тазалыкка» жетекчи болду

15 Чын куран 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Алар жаңы келген жетекчи иштин жүрүшүн билбестигин, «Тазалыкка» өндүрүш иштерин тыкыр билген директор дайындалышын талап кылышууда.

Митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок чогулгандар аны сүйлөтпөй, шаар мэринин өзүн келишин талап кылышты.

Митинг учурунда Жамалбек Ырсалиев «Тазалыктын» башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди.

Жаңы жетекчиге кызматкерлердин дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин чукул арада чечүүнү тапшырды.

Султан Алыбаев буга чейин УКМКда иштегенин кабарлады.

Количество просмотров: 214