• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгону айтылды

22 Үчтүн айы 202117:35 Бишкек Govori.TV

 Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду, деп билдирди бүгүн, 22-январда АКИpress агенттигин күч органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ишти Аскер прокуратурасы иликтөөдө.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев 2016-жылдан 2018-жылга чейин УКМКны жетектеген. 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышкан.

Количество просмотров: 179