• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«УКМКнын орду жана реформасы» аттуу тегерек столдо ызы-чуу чыкты

24 Бугу 2019 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, «Адилеттүүлүк үчүн» Комитети уюштуруп жаткан «УКМКнын орду жана реформасы» аттуу тегерек столдо катышуучулар арасында пикир келишпестиктер орун алды.

«УКМК атайы бүгүнкү жыйындын өтүшүнө тоскоолдук жаратуу максатында провокаторлорду жөнөттү. Тегерек столго атайы чакырылбаган катышуучулар жыйынды сыйлайлы. Баарына кезеги менен сөз беребиз»,- деген Равшан Жээнбековдор бүгүнкү жыйындын жүрүшүн көзөмөлгө ала албай убара тартышты.

Уюштуруучулар чырды УКМК жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында атайлап уюштурган деген пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле жыйынга келген бул кишилер Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү деген ойлор айтылды.

Активисттер УКМКны Орусиянын атайын кызматынын тапшырмасын аткарат деп сынга алышты. Ал эми сөз сураган адамдар өздөрүнүн дарегине айтылгандарды четке кагышты.

Алардын бири «Альфа-Антитеррор» уюмунун атынан келгенин айтты. Жыйынтыгында, уюштуруучулардын бири, активист Рита Карасартова жадыбал боюнча эки доклад окулгандан кийин калгандарга сөз бериле турганын билдиргенден кийин жыйын уланды.

Активисттер ушу тапта бийликтин бардык бутактарын атайын кызмат көзөмөлдөп жатканын, мындай шартта парламент, соттор, аткаруу бийлигинин ачык иштеши күмөндүү экенин айтышып, президент Сооронбай Жээнбековду учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, УКМКны реформалоого чакырышууда. Кол топтоо бир нече күн бою уланып, анын жыйынтыгында президентке кайрылуу жиберилет.

Количество просмотров: 10