• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Камчыбек Ташиевдин операциядан кийинки абалы айтылды

13 Бирдин айы 2021 1:53 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге 12-февралда жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабызга жасалган бүгүнкү хирургиялык операция өтө оор жүрдү. Операцияга Берлин убактысы боюнча саат 8:00дө кирип, саат 18:30да гана өзүнө келди. (Бишкек убактысы боюнча13:00дөн 23:30га чейин). Операция 3 саатка созулган. Камчыбек Кыдыршаевич: «Эли журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды. Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым, кылган эмгегим менен жооп беремин!» — деди. Баарыңыздарга терең ыраазычылык»,-деп жазды Өткүрбек Рахманов.

Камчыбек Ташиев буга чейин Германияга дарыланууга учуп кеткени маалымдалган.


Количество просмотров: 1231