• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМКнын жалган кызматкери кармалды

17 Бирдин айы 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматынын жалган кызматкери кармалды. бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмүндөгү («Документтердин жасалмасы)» кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМКнын жалган кызматкери аталган Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган «К.у.А.» аттуу тургуну аныкталды.

Такталгандай, ал өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгон, алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштуруу шылтоосун кылып, жабырлануучулардын ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн.

Аталган жарандын унаасына тинтүү жүргүзгөн кезде Жогороку Кеңештин аппартанынын кызматкеринин кызматтык күбөлүктөрү, КР ЖК имаратына кирүүчү документ, Россиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Россиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, КР ЖКнын мөөрү жана уюлдук телефонунан КР УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып алынды.

Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгына юридикалык баа берилмекчи.

Азыркы учурда «К.у.А.» жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК «К.у.А.» мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 номери аркылуу байлануушуңуздарды же Кыргыз Республикасынын УКМК 0312 660475 нөөмөт кызматына кайрылып коюну өтүнөт.

Количество просмотров: 142