• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

УКМКнын журналист Н.Нанакееванын үйүндө эмне иши бар?

28 Бугу 201916:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Рolitmer.kg жана factcheck.kg интернет-ресурсунун журналистти Наргиза Нанакеева үйүнө «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкеримин» деген адам келгенин айтты.

Маалыматка ылайык, апрель айынын этегинде өзүн Алмаз деп тааныштырган адам кабарлашып, Cabar.asiaнын журналисти экенин айтып, интервью алууга макулдашкан. Кийинчерээк ошол эле адам Н.Нанакеева иштеген кеңсеге барып, өзүн Бакен деген ысым менен тааныштырып, УКМКда иштей турганын билдирген. Андан соң, журналист жашаган үйүнө жана айылына чалып, Н. Нанакеева тууралуу тактап маалымат сураган.

Ал эми бул факт боюнча журналист:
«Биздин сайт аткаминерлердин мүлкүн ачыкка чыгарган материалдарды байма-бай ачык чыгарып жатат.УКМКнын кызматкеримин деп келген адамдын ошого тиешеси бар болсо керек»-деп болжолдуу түрдө айткан.

Жогорудагы окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматына байланышып, тилекке каршы жооп ала алган жокбуз.

Количество просмотров: 23