Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер, куудул Владимир Зеленский жеңип чыкканын расмий жарыялады.
30-апрелде Киевдеги басма сөз жыйында БШК билдиргендей, шайлоодо Зеленский 73,22, учурдагы президент Петр Порошенко 24,45 пайыз добуш алды. Ага шайлоочулардын 61,37 пайызы келди.
Украинада жаңы шайланган президенттик инаугурациясы шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 30 күн ичинде өтүшү керек.