• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Украина КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы парадга барышын айыптады

10 Бугу 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын – “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадам” деп атады.

«Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго тушуктурду», — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Количество просмотров: 168