• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Украина менен чек арасына аскер жөнөткөн Орусия согуш коркунучу тууралуу эскертти

1 Чын куран 2021 11:03 Бишкек Govori.TV

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Донбасстагы чыңалуунун күчөгөнүнө тынчсызданып жатканын билдирди.

«Украин тарап согушка алып келген чагымчыл аракеттерге барышы ыктымал. Албетте, муну көрүүнү каалабайт элем», — деди Песков.

Кремль аскердик аракеттерге орус армиясын катыштыруусу ыктымалбы деген суроого Песков «жарандык согуш» жөнүндө айтып жатканын, ал буга чейин деле Донбасста болгонун белгиледи.

Жакында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Руслан Хомчак Орусия өлкөнүн чыгыш чек арасын көздөй дагы төрт миңдей аскер жөнөткөнүн билдирген. Анын айтымында, батальондук группалар согуштук аракетке даяр турушат. Украин ЖМКлары да чек араларга орус аскер техникалары алынып келингенин кабарлашты.

26-мартта Донецк облусунун Шума калктуу конушунан алыс эмес жерде Орусия колдогон жикчилдер минометтон ок чыгарып, төрт аскер кызматкери өлгөн, дагы экөө жаракат алган. Украин бийлиги жана өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймак бири-бирин жаңжалдын курчушуна айыптаган.

2014-жылдан бери Украинанын Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик республикалары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13200дөй адам каза болду.

Маалыматтарга караганда, Орусия бул жикчил топтордун негизги каржылык жана курал-жарактык тиреги болууда. Кремль болсо бул доону четке кагып келет.

Количество просмотров: 223