• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Украинада кыргыз элчилигинин унаасы уурдалды

10 Тогуздун айы 2018 18:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.10.2018.Govori.TV.
КРдин Украинадагы элчилигинин алдынан кыргыз тарапка таандык унаа уурдалган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Украинадагы КРдин элчилигинен 9-октябрдан 10-октябрга караган түну кыргыз элчилигине таандык дипломатиялык номери менен «Тойота Хайландер» үлгүсүндөгү унаа качырылган.
Окуя болгон жерге ИИМ кызматкерлери келип, Украинанын мызамына ылайык «Унаа айдап качуу» беренеси менен кылмыш ишин козгошкон.
Бул боюнча КРдин элчилигинин атынан Украинанын тышкы иштер министрлигине нота жиберилип, качырылган унааны издөө иштерине көмөк көрсөтүлөөрүн белгилешкен.
Количество просмотров: 30