• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Украинада орусиялык 23 ырчыга кылмыш иши козголду

23 Жалган куран 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Украинанын прокуратурасы Крым көпүрөсүнүн ачылыш аземиндеги концертке катышкан орусиялык 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду. Аларга Украинадагы жарым аралдын аймагына мыйзамсыз кирген деген айып тагылууда.

Прокуратуранын билдирүүсүндө ырчылардын аты-жөнү жазылган эмес. Бирок украиналык Strana.ua. басылмасы концертке катышкандардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Григорий Лепс, Пелагея, Александр Маршал, Денис Майданов, Ольга Кормухина, Александр Буйнов, Дима Билан, Олег Газманов, Валерия, Жасмин, Дмитрий Харатьян, Алёна Свиридова, «Градусы» тобу жана башкалар бар.

Орусиянын бийлиги Украинаны айланып өткөн көпүрөнү куруу боюнча планын 2014-жылы Крымды бир тараптуу каратып алгандан кийин жарыялаган. Автоунаалар өткөн көпүрөнүн курулушу 2018-жылы майда, темир жол көпүрөсүнүкү 2019-жылы декабрда аяктаган.

Евробиримдик Крым көпүрөсүн курууга катышкан бир нече компанияга санкция салган. Алардын арасында орус президенти Владимир Путиндин досу Аркадий Ротенбергге таандык «Стройгазмонтаж» компаниясы да бар. Бул көпүрөнү курууга катышканы үчүн Ротенберг Орусиянын Эмгек баатыры деген наам алган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп каратып алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды азыр дагы Украинанын аймагы деп эсептейт. Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң кишинин өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жикчи жоочуларды колдоп келет.

Количество просмотров: 119