Орусияга балдарына барган учурда көчөдө полиция кармап, согушка мажбурлап алып кетти делген Алишер Турсуновду Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында Орусияга өткөрүп берди. Бул маалыматты «Украина – Центральная Азия” Телеграм-каналына туткундардын кайрылуулары боюнча иштеген «Жашагым келет» аталышындагы координациялык штаб да тастыктаган.
Турсуновдун ысымы Орусиянын аскерлерин издөө жана үйүнө кайтаруу боюнча “Наш выход” коомдук кыймылы жарыялаган туткундан бошотулган аскерлердин тизмесинде да бар.