• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Украинада Януковичтин бардык мүлкү конфискацияланды

15 Бештин айы 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту Юстиция министрлигинин доо арызын канааттандырып, өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Януковичтин бардык мүлктөрүн жана акчасын мамлекеттин пайдасына алуу чечимин чыгарды.

Соттун «Фейсбук» баракчасына жарыяланган билдирүүгө ылайык, Януковичтин Киевдин четиндеги мурдагы резиденциясы, Сухолучьедеги мейманкана жана ресторан комплекси, Киевдеги батири, банк эсептериндеги 1 миллион доллардан ашык каражаты, ишканалардагы үлүштөрү, ошондой эле баасы 18,7 миллион еврого бааланган 537 маданий баалуулуктар конфискацияланды. Алардын арасында китептер, иконалар, сүрөттөр, антиквардык эмеректер, сааттар, вазалар, кылычтар жана XIX кылымда жасалган замбирек бар.

Янукович Украинаны 2010-жылдан 2014-жылга чейин башкарган. 2014-жылы февралда бир нече айга созулган жапырт нааразылык акцияларынын фонунда өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң Крым жарым аралы аннексияланып, Донбасста согуш башталган.

Украинада Янукович мамлекетке чыккынчылык кылуу өңдүү бир нече кылмыштарга айыпталган: ал иштердин бири боюнча мурдагы президент сыртынан 13 жылга соттолгон. Янукович учурда Орусияда жашайт жана көптөн бери коомчулук алдына чыга элек.

Количество просмотров: 109