• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Украинанын президенти Донбасстагы жаңжал болуп жаткан аймакка барды

28 Бугу 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Луганск облусуна алгачкы иш сапары менен барып, Луганск жана Счастье кыштактарындагы аскерлердин позициялары менен таанышты. Бул тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мамлекет башчы турмуш-тиричилик шартында жоокерлер менен сүйлөшүп, тамак-аштын сапаты, алардын техника, турак-жай жана социалдык пакет менен камсыз болушу тууралуу маалыматтарды укту», – деп жазылган билдирүүдө.

Басма сөз кызматтан белгилешкендей, Зеленский Луганскта байкоо жана блиндаж пункттарында болуп, каршылаштардын позициясынан 400 гана метр алыстыкта жүрдү.

Андан соң президент Бириктирилген күчтөрдүн операциясын жетектеген генерал-лейтенант Александр Сирскийдин жаңжал болуп жаткан жерлердеги абал тууралуу баяндамасын укту.

Кеңешмеге Башкы штабдын жетекчиси — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы генерал-лейтенант Руслан Хомчак дагы катышты.


Количество просмотров: 19