• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Укук коргоо органдары айрым талапкерлердин дооматтарына жооп берди

11 Аяк оона 202315:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн жыйында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нарисбек Кыдырбаев №26 Ленин шайлоо округундагы шайлоо учурунда келип түшкөн кайрылуулар боюнча маалымат берди.

«Жалпысынан 27 материал каттоого алынган. Ар бир факт боюнча тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүп, процессуалдык чечим кабыл алдык. Кайрылууларды карабай койгон учурлар болгон жок. Видео кайрылуу жасагандарды дагы өзүнчө каттап, териштирүүлөр жүрдү»,-деди Кыдырбаев.

Буга чейин айрым талапкерлер кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Количество просмотров: 67