• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айрым талапкерлер шайлоо жыйынтыгына нааразы болушту (видео)

11 Аяк оона 2023 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушуту.

Алардын бири Ыргал Кадыралиева президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Шайлоонун жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Укук коргоо органдарына бир нече мыйзамсыз фактылар боюнча материалдарды бердим. Бирок, кайрылуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат беришкен жок. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин таза шайлоо боюнча талаптарыңыз аткарылган жок!»,-деди ал.

10-сентябрда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өттү.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышты. Алардын 19у — эркек, бешөө -аялдар.

Ага ылайык, алдын ала жыйынтык боюнча Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

Теги:
Количество просмотров: 168