• Бейшемби 4 Жалган куран 2021

Укук коргоочу Макс Бокаев түрмөдөн чыккан соң үч жыл көзөмөлдө болот

25 января 2021 в 9:46 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Атырау шаардык соту камактагы активист Макс Бокаев түрмөдөн чыккан соң аны үч жыл көзөмөлгө алуу боюнча жаза аткаруу мекемесинин өтүнүчүн канааттандырды. Ал кийинки айда эркиндикке чыгат.

Прокурор жаза аткаруу департаментинин өтүнүчүн колдоп, Бокаевдин “экстремисттик мүнөздөгү кылмыш боюнча” жазага тартылганын жүйө келтирген. Судья өз чечимин түшүндүрүп жатып, активист түрмөдө “оңолуу жолуна түшпөгөнүн”, эреже бузганын айтты.

Макс Бокаев соттун чечимин даттана турганын анын адвокаты Жанар Сундеткалиева кабарлады. Бокаев өзүн саясий туткун деп эсептеп, түрмөдөн чыккан соң коомдук ишмердүүлүгүн улантарын белгилеген.

Казакстанда 2016-жылдагы жер маселесине байланышкан митингдер боюнча беш жылга соттолгон Бокаевдин жаза мөөнөтү быйыл 4-февралда аяктайт.

48 жаштагы активист 2020-жылы сентябрда Актөбөдөгү түрмөдөн Атырау шаарындагы колонияга которулган. Ал «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Казакстандагы активисттер Макс Бокаев эркиндикке чыгышы керектигин айтып келишкен. Аны укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

Количество просмотров: 63