• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Укук коргоочу митинг өткөрүүгө кайсы учурда тыюу салынаарын айтты

5 Бештин айы 2022 15:09 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды.

Натыйжада төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды:

«Ала-Тоо» аянты жана Эркиндик бульварынын Линейная (темир жол бекети тараптан башталат) көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;

Жогорку Кеңештин имаратынын тегерек-чети;

президенттин администрациясынын тегерек-чети;

Жогорку Соттун имаратынын тегереги;

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин айланасы;

УКМКнын имаратынын тегерек-чети.

Бул тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтоканов мындай чечим туура эместигин белгилеп, митинг өткөрүүгө кайсы учурда тыюу салынаарын айтты.
Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 99