• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка кармалды

15 Чын куран 20259:09 Бишкек Govori.TV


Укук коргоочу Рита Карасартова милицияда сурак берген соң 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Карасартова «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айыпталууда.

Кечээ кечинде укук коргоочу үйүндө тинтүү жүрүп жатканын фейсбукка жазган.

«Эртең Канышайга (ред. тергөө абагында жаткан журналист Канышай Мамыркуловага) «кемпирабадчылардын» атынан тамак киргизели деп камынып жүрсөм, үйүмө тинтүү жасап атыптыр. Тилекматтын каты боюнча окшойт. Ал катты СМС кылып эле жиберген, үйдөн эмне издеп атышат экен? Баратам үй жакка», — деп жазган Карасартова.

Тинтүүдөн соң аны Чүй облустук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Азырынча Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 350