• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Укук коргоочулар камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылышты

20 Тогуздун айы 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо жаатында иш алып барган алты уюм камактагы активист Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошту.

Анда укук коргоочулар бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышты.

«Жарандык кеңеш» бирикмеси, Кылым шамы», укук коргоо уюму, «Смарт Жаран» бирлиги, «Адилет» укуктук клиникасы, «Институт Медиа Полиси» жана «Жарандык демилге» коомдук фонддору кол койгон кайрылууда активисттин иши толугу менен саясий мүнөзгө ээ экени белгиленген.

«Ырыстын окуясы коомго белгилүү окуя болуп калды. Бул бүтүндөй сот жана укук коргоо системасына болгон мамилени калыптандырат. Ушул сыяктуу ойдон чыгарылган айыптоолор бийликке болгон ишенимдин деңгээлин төмөндөтүүдө. Ырыска козголгон кылмыш иши жана башка ушул сыяктуу иштер коомчулукта нааразычылыктын күчөшүнө өбөлгө болууда», — деп жазылган кайрылууда.

Укук коргоочулар Баш прокурорду ушул сыяктуу иштер боюнча чечим чыгарган жетекчилерге укуктук баа берүүгө, президентти Конституциянын кепили катары башка көз карашта болгон жарандарга карата тартип коргоо органдары тарабынан куугунтуктоону жана басым жасоону токтотууга чакырган.

Количество просмотров: 112