• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Улакчы Манас Ниязовдун кийиминин баасы 40 миң сомго чыкты

11 Үчтүн айы 2019 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

Аукциондон түшкөн акчаны улак чаап жатып жаракат алып, төшөктө жаткан Дастан Жакеевге беришет

Кыргызстанда көк бөрүчү Манас Ниязовдун улакка кийген кийимин аукционго коюшту. Бул кийим менен ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкандыгы айтылат.

Аукцион кечээ башталды. Баштапкы баасы 2 миң сом болду. Бирок азыр баа 40 500 сомго көтөрүлдү.

Конкурстун жыйынтыгы үчтүн айынын онтогузунда жыйынтыкталат. Кийимди сатуудан түшкөн акча улак чаап жатып жаракат алып, төшөктө жаткан жаш көк бөрүчү Дастан Жакеевге берилет.

Мурда анын Чүй облусунун көк бөрү боюнча чемпионатында аттан жыгылып жаракат алгандыгы белгилүү..

Аттан жыгылуунун натыйжасында Дастан Жакеевдин колу, буту иштебей калган жана азыр дарылоого муктаж.

Булак: “Vesti.kg” сайты

Количество просмотров: 44