Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык автоунааларды электрондук аукционго койду. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат.
Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь саат 10:00.
Аукционго коюлган эң кымбат унаалар 2021-жылкы BMW Alpina XB7 баштапкы баасы 18 миллион сом жана Mercedes-Benz S600 2017-жылы 25,5 миллион сомго коюлган.
Эске салсак,4-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүп, натыйжада Көлбаев жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.