• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Улакчы Ниязовдордун апасы “Баатыр эне” наамына татыды

18 Бугу 2018 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнүн алдында Кыргызстандагы жалпы энелерди куттуктап, көп балалуу апаларга “Баатыр Эне” төш белгисин тапшырды.

Өлкө башчысынын айтымында, көп балалуу энелердин арасында уул-кыздары бүтүн өлкө үчүн таанымал, мамлекеттин өнүгүшүнө эмгек кылгандар да бар. Мисалы, кинорежиссер Руслан Акундун апасы Канышай Акунова, көкбөрүчүлөр Жаныш, Байыш, Манас Ниязовдорду апасы Айсалкын Эсенбаева,  жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку  чемпиону   Дарья Маслованын апасы-Галина Маслова, дүйнөлүк деңгээлдеги окумушутуу Асаль Сартбаеванын апасы Дамира Сартбаевалар да бар.

“Ар бир эне өзүнүн уул-кызын элге кызмат кылган, акылдуу, зирек, бактылуу болсо экен деп тилейт. Сиздердин балдар сиздердин гана эмес, бүт өлкөнүн сыймыгы! Ушундай уул-кыздарды тарбиялаганыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем”,-деди Президент аларды кутттуктоо сөзүндө.

Эске сала кетсек, 19-май Кыргызстанда энелер күнү катары майрамдалып келет.

Количество просмотров: 37