• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Улан Асанбаев Ысык-Көл облустук ИИБге жетекчи болуп дайындалды

28 Бирдин айы 201913:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.

Каракол шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Улан Асанбаев Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Тийиштүү буйрукка ички иштер министри 27-февралда кол койгон. Эми жаңы жетекчи Ысык-Көл милициясынын курамына жакынкы аралыкта тааныштырылат.

Облус ИИБинин мурдагы жетекчиси үстүбүздөгү жылдын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 20