• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улан-Батордон Бишкекке учак каттай баштайт

19 Бирдин айы 20229:33 Бишкек Govori.TV

6-марттан тарта Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушкан. Анда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу сөз кылышкан.

«Эки мамлекеттин ортосунда аба каттамы ачылды. Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы жумасына бир жолу Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча учат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 238